Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековго,

Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге,

Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер министри Чыңгыз Айдарбековго,

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара Кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевге,

Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевге

Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министри Кашкарбек Жунушалиевге,

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге,

«Чек ара» коомдук бирикмеси берген кечиктирилгис СУНУШТАР:

1) Кыргызстан-Тажикстан чек арасы делимитация жана демаркация аягына чыкканга чейин жабылсын!

2) Тажикстанга жөнөтүлүп жаткан, «мыйзамдуу» көрүнгөн аткезчилик жана жапайы аткезчилик токтотулсун! Жерибизге көз арткандарды күчтөндүргөндөр, аларга логистикалык жана башка жардамдарды көрсөткөндөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тез арада жазалансын!

3) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылында тажиктер тараптан аткыланган жана өрттөлгөн үйлөрдү жана башка чыгымдарды Тажикстан тарап тез арада компенсациялап берсин!
Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы Элчиси КРнын ТИМне чакыртылып, тийиштүү талаптар тапшырылсын!

4) Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү Баткен облусунда күчөтүлсүн!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына кол салган ар бир элемент аёосуз атыла турганы алдын ала эскертилип, керектүү учурда чечкиндүүлүк менен даяр болунсун! Мамлекеттик жетекчилик тийиштүү буйрукту берсин! Күч түзүмдөрүнүн колун байлабасын!

Биздин тарапка кол салуу болгон учурда, жок эле дегенде симметриялык жооп берилүүсү камсыз кылынсын!

5) Чалгындоо иштери күчөтүлсүн!
Классикалык жана технологиялык ыкмалар колдонулсун!

6) Жергиликтүү калк менен эриш-аркак мамиледе болунсун! Жергиликтүү калкка негизсиз түрдө жасалып жаткан куугунтуктар, опузалар, коркутуп-үркүтүүлөр токтотулсун! Элдин патриоттук духун көтөрө турган иш-чаралар өткөрүлсүн!

7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жетекчилиги кыргыз тараптын рычагдарынын толук колдонулушун кечиктирбестен, дароо киришсин!

8) Советтер Союзу ыдырагандан кийинки Алматы, Минск Декларациялары эске алынсын!

9) Тажикстан 1924-1927 жылдардагы карталарга басым жасай берсе, 1955-жылкы карталар, Минск жана Алматы Декларациялары тажик тараптын эсине салынсын!

Мургаб жана Жерге-Тал сыяктуу жерлерибиздин кайрадан мамлекетибизге кайтарылышы талап кылынсын! Бул жерлерибиз тажик тарап карманган 1924-1927 жылдардагы карталарда Кыргызстанга караштуу болуп, 43 миң гектардан ашык жерибиз Советтер Союзу учурунда Тажикстанга берилип кеткен.

10) Жерди коргоо максатында үн каткан, кайдыгер мамиле жасабаган Кыргыз Республикасынын жарандарына негизсиз түрдө «чагымчы», «фитначы» (бузуку), «инсан кейпиндеги шайтан» сыяктуу айыптоолорду диний кызматкерлердин оозу аркылуу же түздөн-түз жалаа жабуу жолдору токтотулуп, мамлекеттик бийликтеги кадрдык компетенцияга чукул көңүл бурулуп, элге жана мамлекетибизге пайда келтире турган натыйжалуу кадамдарга барылсын!

11) Тажикстан тараптан болуп келген кол салуулар Тажикстандын эң жогорку жетекчилигинин уруксатысыз ишке ашпай турганы эске алынсын!
Ал билбемишке салса, биздин тарап дагы татыктуу жоопту кайтаргандан кийин билбемишке салсын!

12) Күч түзүмдөрү күчөтүлгөнгө чейин жана андан кийин деле жергиликтүү калкыбызга курал-жарак колдонуу уруксаты берилсин!

13) Баткен облусунун Баткен шаарында Баткен Облустук Ички Иштер Башкармалыгы, Баткен Райондук Ички Иштер Бөлүмү жана Баткен Шаардык Ички Иштер Бөлүмү бир жерде жайгашкан. Чек арадагы элдин бейпилдигин сактоо, эл арасында тополоңдордун алдын алуу жана тополоң болгон жерде өз убагында элдин коопсуздугун сактоо үчүн жогорудагы Баткен шаарында жайгашкан Баткен Райондук Ички Иштер Бөлүмүн чек арада жайгашкан Баткен районунун Көк-Таш айылына же Самаркандек айылына көчүрүлсүн!

«Чек ара» Коомдук Бирикмеси.

Мекенди коргоо чек арадан башталат.