Коронавирус илдети өз мекенине туруктуу каражат которуп келген сырттагы мигранттарды бир топ азапка салды. Жумушсуз, үйдө отуруп калган мекендештер аэропортко, чек арага чейин келип, бирок мекенине кайта албай кыйынчылык көргөнү андан көп.

Ушундай шартта мекендештерди өздөрү жашаган шаарларда азыраак болсо да көмөк көрсөтүүнү колго алган жаш лидерлер жок эмес. Өкмөттү керээлден кечке сындап, кол куушуруп отуруп албай, ынтымактуу команда түзүлүп, Орусияда ыктыярчы жаштардын жардамы менен пайдалуу долбоор ишке ашып баштады.

Москвада “Жаңылан” уюму демилге баштап, аны ЖК депутаттары Жанар Акаев, Марлен Маматалиев, экономист, ишкер Эльдар Абакиров сыяктуу жаштар алгачкылардан болуп колдоп беришти. Булар чириген бай болбосо да, боордошторунан өз айлык маяналарын да аяшпады. Ошондой эле өзү дээрлик он жылдан ашуун мигрант болуп иштеген, азыр Кыргызстанда ийгиликтүү ишкерлердин бири атын атабай туруп үч жүз миң сом которгону маалым болду. Оор учурда четте карап турбаган мындай ишкерлерге терең ыраазычылыктан башка эмне дейбиз? Азыр ак-кара, позиция-оппозиция деп ырылыдашып убакыт өткөрчү заман эмес.

Аты жаман бул илдеттен арылганча, сөздөн ишти жогору койгон жаш лидерлердин муктаждарга кол сунган аракети жакшы баага татыйт. Алардын өздөрү ММКга чыгууну каалабаса да, башкаларга чакырык иретинде, ушул акцияга кошулаар деген үмүт менен жарыялап коюуну чечтик.

Булак: Жебе медиа