Баткен облусунун Лейлек райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбековго, баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго кайрылуу жолдошту.

Алар өз арызында оорукананын директору А.К.Кожомов тарабынан кысымга алынып, укуктары тепселип жатканын айтып нааразы болушкан.


Кызматкерлердин айтымдарында, директор жумушка кабыл алууну бизнеске айландырып алган. Штаттан тышкары ашыкча ишке кабыл алууда жана бөлүмдөрдө 4,5 ставкада 14-15ке чейин адистер иштейт.

Жумушка орношкондор башкы мээрбан Асатова Сайрагүл тарабынан 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча берип ишке киришет. Кээ бирлери директордун өзүнө акча бергенин айтышат. Он жылдан бери иштеп келгендиктен оорукананын буюмдарын өз менчигиндей урунат. Оорукананын айланасындагы теректерди 5000 сомдон сатып, 1000 сомдон деп кириштеген. Септиктин мотору, трансформатордун мотору, моргго келген движок жоголгон, ушулардын бардыгы иликтениши керек”, — деп жазылат арызда.

Ошондой эле тендерлер мыйзамсыз өткөрүлөрүн, декретке кеткендердин үстүнөн айлык жаздырып алаарын, бир катар кызматкерлер иштен себепсиз алынганын жана пенсияга чыккандарды кысымга алып жатканын белгилешкен.

Мындан тышкары башкы мээрбан С.Асатова тарабынан кызматкерлерден эсеби, отчету жок акча чогултуулар болуп турганын айтып, категория тапшырууга 10-20 миң сомдон акча берип, сүйлөшүп өткөрүп турарын билдиришти.  

Мындан улам алар жалпы жамаатты түшүнгөн башка жетекчи дайындап берүүсүн суранып, ушундай шартта жетекчиси жана башкы мээрбан С.И.Асатова менен иштеше албай турганын билдиришкен.


Арызга 4 кызматкер кол койгон.

Булак: Медиа ценрт