Поп-музыканын королу аталган Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында каза болгон. Соттук медэкспертизанын аныктоосу боюнча буга легендарлуу ырчынын пропофол деген анестетикти дозасынан ашыкча кабыл алгандыгы себеп болгон.  Майкл өз өмүрүндө ал 350 музыкалык сыйлыкка ээ болгон.

1. Майкл Жексон адамзатынын тарыхындагы эң ийгиликтүү артист катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Ал тургай Жексондун  Thrille деп аталган альбому дагы бүтүндөй музыканын тарыхындагы эң эле көп санда сатылган альбом катары аталган рекорддор китебинен орун алган.

2. Жексондун сырткы келбети тууралуу айта турган болсок, ал витилиго, башкакача айтканда тери оорусу менен жабыркаган. Ошол себептүү ал күндүн нурунан сактануу үчүн ар дайым бетине грим жасатып жүрчү. Бир жолу катуу күйүп калгандыгына байланыштуу пластикалык хирургиянын жардамына кайрылууга аргасыз болгон жана ушундан кийин ал ээги менен мурдунун формасын өзгөртүүнү чечкен.

3. Майкл Жексон Голливуддагы Даңк саябанында атайын жылдызга ээ болгон эң эле жаш аткаруучу болуп саналат. Анда ал бар болгону 26 жашта болчу.

4. Бала кезинде карындашы Ла Тои Жексондун төшөгүнө жөргөмүш катып ойногонду жакшы көргөн.

5. 2008-жылы төрт миңден ашык адам шарттуу сигнал боюнча апакай кол мээлей кийип, беттерине ар кыл грим жасап алышып, Майкл Жексондун чыгармаларынын бири болгон Thriller деген ырдын бир жылдык мааракесин белгилөө үчүн көчөгө чыгышкан. Бул окуя «Thrill the World» деп аталып, 10 өлкөнүн  72 шаарын өз кучагына камтыган, ал эми буга жарданып карап турушкан адамдардан чогулган акча каражаты толугу менен кайрымдуулукка жумшалган.

6. Өзүнүн «айдагы басык» аталып кеткен белгилүү басыгын Жексон биринчи жолу 1983-жылы кайсы бир телешоу учурунда көрсөткөн. Аны өзү ойлоп таппагандыгын жашырбай айтып келген менен ырчынын күйөрмөндары «айдагы басыкты» жеке Майкл Жексондун ойлоп табуусу катары кабылданган.

7. Жексонду биринчи болуп жакын досу Элизабет Тейлор Поп-музыканын королу деп атаган. Муну музыкалык коомчулук моюнуна алган жана бул ат аны түбөлүк ээрчип кала берген.

8. Дүйнө жүзү боюнча  анын 1 миллиарддан ашык альбому сатылган.

9. Жексондордун үй-бүлөсү Майкл Жексон сахнага чыккыча эле таланттары менен даңазаланып келген. Жеки, Тито жана Жермейн деген агалары мурда эле кичи чөйрөлөрдө белгилүү болушса, 1964-жылы аларга Майкл жана дагы бир иниси  Марлон келип кошулган.

10. Дүйнө жүзү боюнча эң эле белгилүү композиясы болуп «Billie Jean» саналат. Башкача айтканда, барабандын биринчи эки соккусун угаары менен ким болбосун азыр да Майклдын кайсы ыр жаңыраарын жакшы билет.