Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандар боюнча Россия экинчи орунга чыкты. Бүгүн Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда ал ооруканада экендиги айтылат.

“Ооба. Ооруп калдым. Дарыланып жатам”, — деп билдирген ал РИА Новостиге.

Эске сала кетсек, буга чейин 30-апрелде Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алган. Мишустин акыркы  маалыматтарда ал өзүн жакшы сезип, кесиптештери менен онлайн режиминде иштеп атканын билдирген.

Ошондой эле 1-майда вирус менен Курулуш министрлигинин башчысы Владимир Якушев ооруканага жаткырылса, ал эми 6-майда маданият министри Ольга Любимовадан вирус аныкталган.