КР эмгек сиңирген ырчысы Самара Каримова  Улуу Рамазан айында орозо кармаган адамдарды ооз ачыруунун жаңы ыкмасын чыгарды.

Ал бүгүн инстаграм баракчасына орозо кармаган адамдарга пакет даярдап жөнөткөнүн айтып:

“Ош шаарында, ооз ачууга пакеттерибизди таркаттык. Аллахым ыраазы болсун! Туткан орозонуздар кабыл болсун! Алган колдон, берген кол артык. Жашоодо жакшы адамдар коп болсун ылайым” деп жазды.

Самара айымдын бул ыкмасы башкаларга да жакты көрүнөт, ушундай ыкмада да ооз ачырса болот турбайбы деген пикирлерин жазып, ага ыраазычылык билдиришти.

Ага чейин ырчы айым кайрымдуулук иштерди жасап жатканын, карылар үйүнө барганын да жар салган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы карантинге байланыштуу баардык коомдук иш чараларга, оюн-зоокторго, ал эми азыр орозо убагында ифтарга чакырууга тыюу салынган.

Булак: Абал кж