Коом

Коронавирус Евробиримдикти кыйроого түртүүдө

Белгилүү француз саясатчысы Марин  Ле Пен  коронавирус Евробиримдиктин СССРдин сценарийи боюнча кыйроосуна себепкер болчудай деген божомолун айтып чыкты. Мындай божомолду белгилүү финансист Жорж Сорос дагы карманууда. Ал эми мындай божомолдордун жаралышына ЕБ жогорку бийлигинин Германияга санкция киргизүү тууралуу сунушу менен чыккандыгы себепкер болгон.

Белгилей кетсек, Немис конституциялык сотунун 5-майдагы «Европалык борбордук банктын аракеттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын негизги мыйзамына толук шайкеш келбей тургандыгы тууралуу»  чечиминен кийин Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен Германияга санкция киргизе тургандыгы тууралуу айтып чыккан.

Кызыгы, Урсула айым европалык өкмөттүн башчылыгына өзүнүн саясий курбусу, Германия канцлери Ангела Меркельдин жардамы аркасында келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button