Кытай менен болгон эки тараптуу соода-сатык макулдашуусунун жаңы шарттарын талкуулоого АКШ кызыктар эмес. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Журналисттердин бири ага: «Пекин коронавирус пандемиясынын кесепеттерине байланыштуу келишим шарттарын өзгөртүүнү өтүнүүдө. Сиз бул боюнча эмне дейсиз?» — деген суроо узаткан.

«Биз келишимге кол койгонбуз. Ошого карабастан мен дагы бул тууралуу уктум. Алар келишимди өздөрүнө ылайыктуу кылып өзгөртүүнү калап жатат. Жок, бул мени кызыктырбайт. Андан көрө алар макулдашууну аткарып жатабы же жокпу, ошого көңүл бурбайлыбы»-деген Трамп.

Мындан сырткары ал Кытай коронавирусту өз өлкөсүнөн чыгарбай кармап калбагандыгы үчүн өтө нааразы экендигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, АКШ менен Кытай ортосундагы өз ара соода-сатык макулдашуусуна үстүбүздөгү жылдын 15-январында кол коюлган. Келишимге ылайык Кытай АКШдан сатып алынуучу продукциянын көлөмүн жылдын биринчи жарымында 76,7 млрд. долларга, ал эми экинчи жарымында 123,3 млрд. долларга көбөйтүүгө макул болгон.