Кечээ 12-майда Жогорку Кеңештин  тармактык комитети 2019-жылдагы Өкмөттүн отчетун карап жатат. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазыев жетектеген бир топ өкмөт мүчөлөрү катышып жыл жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Отчет берүү учурунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев премьер-министрге кайрылып, өлкөдөгү салык кызматы боюнча суроо салды. Анда премьер-министр жооп берип жатып, артындагы олтурган өкмөт мүчөсүнө кайрылган учурда өкмөт мүчөсү кебелбей туруп телефондо сүйлөшүп жатты. Мына кызык өкмөт мүчөлөрү көз көрүнөө эле, болгондо да чоң жыйында премьер-министрге ушундай мамиле кылып жатышса, жыйындан чыккандан соң кандай мамиле кылаары баарыбызга белгилүү болуп калды.