«Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө иретинде санитардык-эпидемиологиялык талаптар» боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн мааылмат кызматы билдирди.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүү жана жайылуу коркунучу уланып жатканына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу иретинде жана экономикалык ишти этабы менен кайра жандандыруу максатында кабыл алынган.

Өндүрүш, кызмат көрсөтүү, анын ичинен коомдук тамактануу, соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, экономикалык иштин уруксат берилген башка түрлөрү менен алектенген жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар өзгөчө абал шартында жана өзгөчө кырдаал режиминде коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин Убактылуу санитардык эрежелерди сактоону жана кызматкерлерге жетекчилик көрсөтмө берүүнү камсыз кылуусу тийиш.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына Убактылуу санитардык эрежелердин сакталышын контролдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү чараларды көрүүсү тапшырылды.

Документтин толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://www.gov.kg/ru/npa/s/2450