Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 12-май күнү саат 10:30 чамасында Арстанбап айыл аймагына караштуу Арстанбап айылынын Тураев көчөсүндө жайгашкан 11 турак үйгө аскадан таш кулоо коркунучу жаралган.

Жерине ыкчам чара көрүү максатында КР ӨКМнин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, КР ӨКМнин мониторинг департаментинин адиси, айыл аймактан 3 киши барды.

«Жеринде жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өтө кооптуу болгон 4 турак үйдүн тургундары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Мындан сырткары жеринде айыл аймак тарабынан нөөмөт уюштурулган»,-деди ӨКМдан.