12-май күнү саат 14:20да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмология институту маалымдагандай, титирөө Баткен районунун Сары-Талаа, Кулду айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.