АШАчылардын бири Темирлан Султанбеков фейсбук баракчасына 700дөн ашуун аз камсыз болгондорго, пенсионерлерге, майыптарга материалдык жана азык-түлүк жардамдарын таратып чыктык деп жазды. Болсун-болсун, ушундай кырдаалда бербегенде качан бермек элеңер!

Бирок «Атамбаевдин бул салтка айланып калган саамалыгы 30 жылдан бери уланып келе жатат, алтургай ал камалганда дагы үзүлбөй уланып келе жатат» деп саясый түс берип ийиптир. Муну менен бергендеринин артыгын чыгарып ийишти. Андай соопчулукту колунда бар ар бир кыргыз атуулу берип жатат, айтпай-этпей эле.

Маселенин дагы бир өңүтү ошол эле АШАчылардын дагы бири Рита Борбукеева деген айым «Алмазбек Атамбаевдин бардык акча эсептерин камакка алып, (арестке алса да) уулдарынын жардамы менен кыйналган элге кол сунганына ыраазычылык.

Жердин алыстыгы боюнча учурда Чүй аймагына эле жетишип атышса керек. Азаматсыңар Сеид, Кадыр, Темирлан!» деп бир жагынан жиремиш болуптур. Эми туугандар, «бардык акчалар арестте, жөө-жалаңдап, ач-жылаңач калдык, жана башка…» деп дегеле адамдын боору ачый тургандай ыйламсырап жиберишти эле го өткөндө.

Борбукеева айым АШАчыларды бир жагын пиар кыла калам деп жатып, бир жагындагы абийирин ачып алган жокпу, байкабай?

Болбосо жөө-жалаңдап калгандардын 700дөн ашык кишиге акчалай да, азык-түлүк менен да жардам берүүсүнө кайдан каражат табылды деген суроо туулбай койбойт?

Же Сеид менен Сейтек эргулдар электр кубатын элге үч эсе сатуу менен элден уурдаган акчаны кайра элге гумжардам иретинде таратып берип, жакшы көрүнүп жатышабы?