Олигарх, бизнесмен, «Кыргызстан» партиясынын «кошелогу» Шаршенбек Абдыкеримов узака созулган ден соолугу менен алп урушуу процесси бүтүп, эми депутат болгонго камдана баштады. Айтылуу Шакини депутаттык мандатка алып келүү үчүн «Кыргызстан» фракциясы эки депутатын кетиргени жатат.

Бири Шакинин жакын иниси Жаныбек Исаев, (бизнесте Жони деген ат менен белгилүү), экинчиси Казакстанда Шакинин букаларын, уйларын бордоп сатып бизнес кылган Аксылык Алмазбек Эргешов (саясий чойродо Шакинин чабаны деген ат менен белгилүү).

Чындыкты моюнга алыш керек. «Кыргызстан» фракциясы Алмазбек Эргешов деген мыкты депутатын кетирип жатат. Эл менен тыгыз иштешип, Аксыга аз убакытта ат которгус эмгек сиңирди.