Россияда мигранттарды кечээ милиция кызматкерлери кармап кетти деген кабар тарады. Көпчүлүк бул жактагы мекендештер эмне себептен , жөн эле отуруп турбайбы пандемия мезгилинде деген пикирин билдирсе, айрымдар аларды деле түшүнүү керек, мекенге келгиси келет деген ойлорун социалдык тармактарда калтырып жатышат.

Бирок биздин элдин бир кызыктай акылга сыйбаган кадамдарына барганына таң кала албай койбойсуң. Тышкы иштер министрлиги, Россияда элчилик тынбай айтып келишет, учурда сүйлөшүү жүргүзүп жатканын, бир гана расмий маалыматтарга таянгыла деп. Ага карабай айрым пандемияда элдердин ден-соолугун эмес, өз кызыкчылыгын биринчи орунга койгон топтор, эч нерсеге карабай туруп элди дүрбөтүп жатат. Ар бир жаран өзү логикага салып ойлосо болот.

Россия үчүн биздин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева деген ким? Чоң казат деген партия ким? Эми элестетип көрүңүз, Путин Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен иш алып барып учак береби же Чоң казат мененби? Бул жөнөкөй эле мектеп окуучуларына бештен белгилүү. Албетте, суверендүү эркин мамлекет болгон соң расмий бийлик өкүлдөрү менен иш алып барат. Ал тургай Москвада мыйзам кандай иштээрин мигранттар өтө жакшы билип туруп, ушундай кадамга барганын кандай түшүнсө болот?

Токтайым Үмөталиева , Чоң казат эгер бир нерсе чече турган болсо, эмне үчүн буга чейин оозуна талкан салып келдиби? Ошончо элге күйсө эмне үчүн мыйзам жолунда иш алып барган жок? Алар эң жакшы билет мыйзамды. Жок дегенде ушундай пандемия жүрүп жатканда мигранттарды өз алдынча оокат кылып жан багып жаткан элди курал катары пайдаланбай койсо болот эле. Эми ичиң күйгөнү жанагы эле эл курал болуп жатпайбы, алардын сөзүнө ишенип, азгырылып көчөгө чыгып, митинг кыла коёбуз деп, камакка алынды.

Бийлик деле ойноп жүргөн жери жок, өзүңөр күбө болгондой канча жаран келди мекенге. Эгер учакка уруксат бербесе жонуна артып келмек беле жарандарды. Токтайым Үмөталиева буга чейин эмне иш кылды?

Ойлон элим! Өз кызыкчылыгын ойлогон бир ууч топтун курамындагы болбогула. Россия элчилигинде ар бир мигранттын тизмеси бар, ким кайсы жерде эмне менен алек болгону. Ал ойноп отурган жок ал жерде. Россия чоң бир континент жер планетасында. Анда Кыргызстандан башка толтура өлкөлөрдөн биздей мигранттар келген. Ар бири менен иш алып барып, ар бир мамлекеттке учак учтуруу оңой эмес. Бир эле Кыргызстан менен иштешкен жок да.

Азыр Россиядан чыккандарды кайра 2 жылга чейин өздөрүнүн аймагына киргизбейт экен деген айрым маалыматтар бар. Биздин мигранттар бүгүнкү күндү эле эмес, алысыраакты ойлош керек.

Пы. Сы. Чоң казат менен ар кандай уюмдардын максаты элди козутуп бийликти жаман көрсөтүү эле. Кечээ милиция элчиликти басып алууга аракет кылган жарандарды кармады. Эми булар кыйкырып чыгат. Элди карабайт, элчилик эмне иш кылат деп. Булардын бир эле максаты, элди пайдаланып пайдаланып, бийликке келүү.

ТИМ жакынкы күндөрү 1 миң жаранды өлкөгө келүүнү пландап жактанын билдирди. Аны ЖМКлар улам айтып жатышат. Ага деле болбой, элчиликке жулунуп, бейбаштыгын көрсөтүп жатат. Буларды ушундай кадамдарга түрткөн укук коргоочу менен Чоң Казатчыларды мыйзам менен жоопко тартуу керек? Антпесе, булар токточудай түрү жок?