Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери күн сайын Кант шаарында, Ивановка айылында, Новопокровка айылында дүңүнөн 180ден ашык көчө аралап патрулда жүрүшүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери райондун тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, сүйлөшүү учурунда аларга пандемиядагы жеке алдын алуу чаралары жөнүндө айтып беришип, ошондой эле өздөрүн, балдарын, улгайган туугандарын ачыкка чыгарбоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоону суранышып келүшүүдө.

Ошондой эле, өтүп бара жаткан жарандарга кайрылып, мүмкүн болушунча үйүнөн же жашаган жеринен ашыкча чыкпоого, дүкөнгө, дарыканага же үй жаныбарларына сейилдөөгө аргасыз болгондо, жеке коргонуу шаймандарын колдонууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырып, ден-соолугуна кам көрүүнү суранып кетүшүүдө.

Ал эми жарандар милицияга кызматкерлери аларга кам көрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, үйдөн чыгууну жана жолдордогу кыймылды мүмкүн болушунча чектөөгө убада беришти.