Коом

Ички иштер министрлигине болгон элдин ишеними өскөнүн Өкмөт башчы билдирди

Ички иштер министрлигине болгон ишеним 4,7 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«Өкмөттүн ишинин ачык жүрүшүндө бир канча мамлекеттик органдарга болгон ишеним жогорулады. Ички иштер министрлигине болгон ишеним 4,7 пайызга өстү. Аталган министрликке буга чейин жарандар көп нааразы болуп келген.

Бүгүнкү күнү бул орган ишин, стилин өзгөртүп, коомчулук үчүн ачык боло баштады. «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, санариптешилген команда түзүлүп, бирдиктүү реестр, Туризм патрулдук милициясы түзүлгөнү себеп болууда. Ошондой эле 2019-жылы милиция кызматкерлеринин айлыгы 20 пайыздан 40 пайызга чейин көтөрүлүшү да себеп болду», — дейт өкмөт башчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button