Өзгөчө кырдаал учурунда экономикалык ишмердүүлуктү илгерлетүү максатында Бишкек шаарындагы ишкерлер шаар аймагында жүрүү үчүн уруксат кагазын электрондук түрдө ала алышат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын виче-мэри Азиз Алымкулов бүгүн, 13-майда өкмөттүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер 312.meria.kg сайтына кирип, электрондук түрдө уруксат кагазын ала алышат. Мындын тышкары жарандар үчүн ишеним телефондору ишке кирген.