COVID-19 жугуштуу илдетинин жайылуу жана жуктуруп алуу коркунучун алдын алуу максатында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун админстративтик имаратын толук дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дезинфекциялоо иштерин мамлекеттик борборлоштурулган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери жүргүзүдө.

Полктун кызматкерлине коронавирус илдетин жуктурбоо жана алдын алуу боюнча зарыл болгон чаралар жөнүндө күн сайын нускамалар өткөрүлүп, керектүү болгон коргонуу каражаттары менен камсыздалууда.