Немис окумуштуулары айрым адамдарга кире берүүчү коркунучтуу түштүн себептерин аныктоо үстүндө иш барышып, көбүнчө невротизм оорусуна чалдыккан жана кары адамдардын коркунучтуу түш көрөрү тууралуу билдирүү жасашты.

Коркунучтуу түш көп эле адамдарга кирген менен, мындай мүнөздөгү түш көрүүлөр адамга кубаныч эмес кайгы тартуулай баштаганда жогорудагыдай диагноз коюлат.

Түнкү жүрөк үшүн алган түштөрдүн табиятын түшүнүү үчүн  Михаэль Шредель жетектеген Борбордук психикалык ден соолук борборунун окумуштуулары бир катар  факторлорго көңүл бурушкан жана сурамжылоо иштерин жүргүзүшкөн.

Сурамжылоо иштеринин натыйжасында коркунучтуу мүнөздөгү түштөрдөн эркектерге караганда аялдар кыйла көбүрөөк жабыркаары  аныкталган. Мунун  себеби аялдардын окуяларды өтө жакын кабыл алуусу, келечек үчүн көбүрөөк сарсана болуусу менен байланыштуу экендиги айтылат.

Белгилей кетчү нерсе, окумуштуулардын бүтүмү боюнча мындай жүрөк үшүн алган түштөр адамдын жаш курагы жогорулаган сайын көбүрөөк кире баштайт.