КоомСаясат

«Адилет» Укуктук клиникасындагы айың кепке Жакыпова эмне дейт болду экен?

Чолпон Джакупова, Наталья Никитенко жана Асел Оторбаева деген үч курбу уюштурган, «Адилет» Укуктук клиникасы» коомдук фонду орточо эсеп менен алганда 38 млн. сом же жарым миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат иштетишет.

Долбоордун чегинде тренинг, ченемдик-укуктук акты анализдери, ошондой эле басма сөзгө ар кандай билдирүүлөрдү таратуу өңдүү иш-чаралар өткөрүлөт. 2020-жылдын 1-мартынан тартып «Адилет» коомдук фонду «Мыйзамдын үстөмдүк кылышы» деген аталыштагы долбоорду ишке ашыра баштаган. Долбоордун алдындагы милдеттердин бири – бул негативдүү жана жарандардын укуктарын чектөөчү мыйзамдык демилгелерди жана мыйзамдарды аныктоо, аларга анализ жана мониторинг өткөрүү болуп саналат. 2020-жылдын 1-апрелинде «24.kg» агенттигине «УКМК фейк тараткан адамдарды жоопко тартууга укугу жок. Эмнеге экенин түшүндүрөбүз» деген аталышта материал жарыялаган. Аталган макалада «Адилет» фонду укук коргоо органдары чындыкка коошпогон, ар кандай провокациялык материалдарды жана фейктерди тараткандыгы үчүн жарандарды жоопкерчиликке тарта албастыгы тууралуу билдирүү жасаган.

Бул мезгилде өлкөдө адамдардын коронавирус жуктуруп алгандыгы тууралуу ар кыл паникалык мүнөздөгү маалыматтар байма-бай айтылып жаткандыктан укук коргоо органдары, айрыкча УКМК мындай мүнөздөгү фейктерди токтотууга аракет жасашкан. Бирок, «Адилет» фонду өздүк анализинде фейк тараткан адамдарды жоопкерчиликке тартууга болбой тургандыгын билдирүү менен «Өзгөчө абал учурунда чындыкка коошпогон маалыматтарды таратууга жол берилбей тургандыгын» моюндоо менен өзүнө-өзү каршы чыккан.

Ал эми 3-апрельде сайтта «ӨА режими. Аткаминерлердин жазалоочу чечимдери үчүн эч кандай укуктук негиз жок» деген аталышта материал жарыяланган. Аталган материалга ылайык «Адилет» фонду карантинди бузгандыгы үчүн (мисалы, коомдук жайларда бет кап тагынбоо) айып пул салууларды мыйзамсыз деп билдирген менен чектөөлөр талаш-тартышты жаратып жаткандыктарын моюнга ала тургандыктарын кыйытышкан, башкача айтканда бир беткей корутунду жасагандыктарына өздөрү дагы толук ишенбейт. Жакыпова мамлекеттик органдардын коронавирус менен күрөшүүгө толук даяр эместиги жана жекече коргонуу каражаттарынын жоктугу, сын-пикир айткан врачтарга карата УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан болуп жаткан куугунтуктоолор өңдүү врачтардын көйгөйлөрү тууралуу жазат.

Ошол эле учурда популисттик жана деструктивдүү мүнөздү алып жүргөн Жакыпова маалымат жашыруун врачтардын билдирүүсү боюнча түзүлгөндүгүн айтат. Ушундай эле «уруш десе уугун ала чуркаган» принципти Бишкек шаарынын №17 ҮМБ башкы врачы Гүлнара Ташибекова дагы карманат. Башкача айтканда ал дагы «24.kg» сайтына гана билдирүүлөрдү жөнөтүп турат. Аталган сайттын жардамы менен ал айтылган ҮМБ врачтарынын массалык түрдө оору жуктуруп алуусу өндүү факт боюнча чуулгандуу ишти баштаган. Айтор, өз ара байланыштарды пайдалануу жана белгилүү бир теманын айлансында жасалма түрдө ызы-чуу жаратуу жагынан аталган үч доско киши жетпейт.

Мисалы, Ташибекова маалыматтарды медициналык чөйрөдөн алса, Никитенко менен Жакыпова ал «билдирүүлөрдү» элге алып чыгуу менен донорлордон грант алып турушса, Оторбаева бул үчөөнү пиарлоо менен ар бир жарык көргөн макала үчүн гранттын эсебинен өз үлүшүнө ээ болот. Эгерде Н.Никитенконун «24.kg» сайтындагы басылмаларынын хронологиясына көз жүгүртсөк, анда ал жыл башынан бери кыйла активдешкендигин, ал тургай жумасына бир нече жолу чыгып тургандыгын, тигил же бул тема боюнча комментарийлерди берип келгендигин көрүүгө болот.

Буга чейин Никитенко эч убакта өзүнүн атынан чыгып сүйлөбөндүгүн белгилей кетүү абзел. Адатта, ал муну комитеттин же фракциянын атынан жасап келген. Албетте, Никитенконун бүтүндөй билдирүүлөрү Жакыпова тарабынан даярдалып келгендиги айтпаса да белгилүү. Мамлекеттин, анын ичинде медицина кызматкерлеринин, аскер адамдарынын, милициялардын, волотёрлордун, ошону менен катар карапайым эле жарандардын бүтүндөй күч-аракеттери инфекция менен күрөшүүгө багытталып жаткан учурда бул үч «грант жегич» оперативдүү түрдө донорлордон каражат ала калып, кимибиз канча алабыз-деген ой менен баш оорутуп отурушкан. Алган гранттын максаттуу түрдө жумшалып жаткандыгын донорлорго көрсөтүү үчүн алар дарыгерлердин вирус жуктуруп алуусун дагы мамлекеттин моюнуна жүктөгөн.

Эреже жана талаптар дыкат сакталган жерлерде дарыгерлер өз ишин оору жуктуруп албай эле аркалап жаткандыгы бүгүн жалпы элге жакшы белгилүү. Мына ушундай максатта булар Сузактагы инфекциялык оорукананы жана Республикалык килиникалык-инфекциялык оорукананы дагы бутага алышкан. Дарыгерлердин оору жуктуруп алгандыгы тууралуу факт катталган ошол эле медициналык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык талаптар тыкыр сакталган эмес, айталы оюна келгенди оттогон, жоопкерчиликсиз Ташибекова жетектеген №17 ҮМБда уюштуруучулук иш өтө начар болгон. Жакыпова, Оторбаева, Ташибековлардын жөнү жок ызылдай бергендигине карабастан башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда кырдаал алда канча туруктуу экендиги барыбызга белгилүү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button