Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан “Лейлек” СЭЗдин базасында “ОсОО НПЗ Сафар” тарабынан курулган нефтини кайра иштетүү кичи заводу өз ишмердүүлүгүн баштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда аталган айыл өкмөттүн башчысы Исманали Райимбердиев билдирди.
Анан айтымында, жумуш ыргаагы кызуу жүрүп баштады. Ишканага жергиликтүү тургундар тартылган.
“Жаны-Жер айыл аймагында жашаган 30 адам жумуш менен камсыз болуп, келечекте айыл өкмөтүнүн бюджетине да кошумча акча түшүүсү күтүлүп жатат”,-деди Райимбердиев.