Коронавирус илдетине байланышкан карантин шартында «маска кий, бирөөнө жугузба, санитардык норманы сакта, үйдөн чыкпа» деген талапты жарандар аткарышы керек жана элге түшүндүрүү иштерине депутаттар да жардам бериши керек.

Мындай пикирин премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди: ««15 сомго бир масканы алып, өз ден соолугуңду сакта» деп айтышыбыз керек да. Биз андай кылып колдой берсек эртең маскасы жоктун баары чыгат. Оору жукпайт деп эртең эч ким кепил боло албайт.

Тескерисинче, сиздерге окшогон жарандарыбыз элге айтып турушу керек, «туура эмес кылып атасыңар» деп»,- айтты премьер. Эске салсак, жыйында депутат Бекешев беткап жокторго айыппул салууну жардыларга карата «коронавирус салыгы» катары баалап, айыппул төлөтүүнүн ордуна элди бекер бет кап менен камсыз кылууну өкмөткө сунуш кылган.

Ушул эле жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында беткап кийүүгө милдеттендирген чечим жаңы күчүнө кирген «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамдардын негизинде кабыл алынганын белгиледи. Вице-премьердин айтымында, башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да оорунун белгиси жок туруп вирусту алып жүрүүчүлөр бар жана бул жалпы элдин саламаттыгына коркунуч келтирет деген оюн билдирди.