Мурдагы экс премьер-министр Сапар Исаковдон жана Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Белгилүү болгондой, СИЗО-1 де кармалып турган, Сапар Исаков ( ред.Петровка түзөтүү колониясынан кайра алынып келинген), Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархад Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Сагымбаев жана Канат Осмоналиевдердин анализинен вирус аныкталган эмес.