Өзгөчө кырдаал учурунда Ош шаарында иштеп жаткан 8 посттун ишине жарандар тоскоолдук жаратып, себепсиз шаарга кирүүнү каалагандар көп болууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев билдирди.

Анын айтымында, Ош шаары боюн патент алган ишкерлердин жалпы саны 1075ди түздө, ошол эле учурда укук коргоо органдарына ыңгайсыздык жараткан учурлар жок эмес.

«Шаарда посто турган укук коргоо органдарына жана өздөрүнө ыңгайсыздык жаратууда. Ошондуктан Ош шаарында ӨК жана карантин тартиби күчүндө экенин эске алып, аймактардан жана облустардан негизсиз келгенди токтоту турууңуздарды суранам», — деп билдирди Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев.