Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 11-майынан өзгөчө кырдаал учуру калып жаткандыгына байланыштуу, Кара-Кулжа районунун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коопсуздук чараларын көрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөзкызматынан билдиришти.

Санитардык-эпидемиологиялык станциясынын (СЭС), өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ), үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ҮДБ), жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук жайларга, мекеме ишканаларга, базар, банктар, дүкөндөр, соода борборлоруна атайын рейддерди уюштурушуп ишин жандандырган ишканалардын санитардык норманын эрежелеринин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп, илдеттин таркап кетүүсүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Мындан сырткары райондун аймагында обсервацияларда санитардык-карантиндик эрежелердин так сакталышына көзөмөл жүргүзүшүүдө. Үй карантинге алынган жарандарга Кара-Кулжа РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйылары (МУУ) тарабынан жарандарды көзөмөлгө алуу максатында жарандарга санитардык эрежелерди бузган болсо жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскерткен талап баракчалары таркатылууда.

Кара-Кулжа районунун аймагында коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту ошондой эле жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ар күнү саат 19:00дон 06:00го чейин жылып жүрүүчү (авто патруль), 8 кызматкерден турган 2 экипаж, Кызматтык авто унаалар менен Кара-Кулжа районунун аймактарында кыдыруу уюштурулуп, жергиликтүү эл арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келет.