Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Депутат Таабалды Тиллаев мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун эмгегин даңазалоо иштери жакшы жүрбөй жатканын билдирди.

Анын айтымында, «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилөө боюнча президент жарлыкка кол койгон. Бүгүнкү күнгө чейин маалымат каражаттарында ал кишинин өмүр баяны, кылган иши тууралуу бир дагы материал чыккан жок. Бул мамлекет тарабынан кандай мамиле деп түшүнсөк болот?» — деди депутат.

Ал эми, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин жарлыгы менен өкмөт уюштуруу комитетин түзгөн. «Комитеттин башында өзүм турам. Эки жолу отурум өткөн. Бардык мамлекеттик органдарга тапшырмаларды бергенбиз. Азыр коронавирус менен алаксып жатабыз. Жакында ал кишинин эмгегин элге даңазалоо иштерин активдүү жүргүзөбүз», — деди өкмөт башчы.

Депутат жумушчу топто ал дагы бар экенин айтып, бирок отурумга чакырбаганын эскертти. Ошону менен катар эле депутат Исхак Раззаковдон эл үлгү алыш керектигин кошумчалады.