Депутат: Өкмөттүн отчетун угуп, Кыргызстанга көчүп келебиз дегендер көбөйөт

Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр 2019- жылдын отчеттун берүүдө. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте 2019-жылдын отчетун тапшырууда. “Сиздин докладыңыздан кийин Махатхир менен Ли Куан Ю суктана тургандай болуп калыптыр. Кыргызстанга көчүп келебиз деген ой болуп калбайбы деп жатам да”, – деди Жээнчороев.

Ошол учурда ага Абылгазиев: “Тилегиңиз кабыл болсун!”, – деп жооп берди. Андан соң депутат 2018-жылдан бери бюджеттин киреше булагына миллиарддаган сумма түшпөй калып жатканын айтып, бул өкмөт башчынын экономикалык саясатынын негизи экенин белгиледи.