Экс-президент Атамбаевдин тарапташтары, жемкорлукка айыпталып жаткан Сапар Исаков баш болгон экс-аткаминерлер бүгүн коронавируска каршы анализ тапшырышкан.

Белгилүү болгондой, СИЗО-1 де кармалып турган, Сапар Исаков  (ред. Петровка түзөтүү колониясынан кайра алынып келинген), Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархад Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Сагымбаев жана Канат Осмоналиевдердин анализинен вирус аныкталган эмес.

Ошондой эле, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун анализинен да инфекция табылган эмес.