Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 млн 400 миӊ сом каражаты которулду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн. сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.