Коом

Өкүл ата апалар өтө эле жашарып кетти

Биздин редакцияга аты жөнүн айткысы келбеген окурман байланышып, өкүл ата, өкүл апалар тууралуу маалымат берди. Учурда көпчүлүк жаштар капчыгына анан атак даңккына карап өкүлдөрдү тандап жатат.

Ошол өкүлдөр өздөрү азыр өкүлдөргө муктаж болгон учурун көрүп жатабыз. Карагыла кечээ Гулназ Чыныбек кызы чыкты өкүл апа болот элем деп. Данияр Эрматов балалуу болбой туруп, өкүл балалуу болду. Самара Каримова менен Нурлан Насип өкүл балдарга өтө бай.

Эми мен силерге жалпы коомго өкүл апа ата тууралуу айтып берейин. Өкүл ата, өкүл эне – кыз-жигитти үйлөндүрүүдө эки куданын ортосуна өкүл болсун деген ой-максатта тандалган адамдар. Алар келиндин кайын-журту тарабынан жакшы санаалаш адамдарынан, кадыр-барктуу эсептелген үй-бүлөдөн, нарктуу, нускалуу адамдардан коюлган.

Жаш жубайлар аларга өкүл бала, өкүл кыз болуп, туугандык мамиледе катташат. Өкүл ата, өкүл эне өкүл кызы менен өз кызындай мамиле кылып отко киргизип, төркүлөтөт. Сепке келген кооз буюмдардын бирөө аларга ыйгарылат.

Илгери жер алыс болуп, кыз ата-энесинин үйүнө жылдап жылдап бир барган. Ошондуктан өкүл апа койгон, кыз ошол апага барып арыз муңун, кайгы черин жазсын деп. Өкүл ата менен апа жашы орто жаштан өткөн турмуштун ысык суугуна күйгөн, балдары эрезеге жетип, турмуштук тажрыйбасы мол адамдар болот.

Эгер эки жаш чырдаша кетсе, ортосунда чуу чыкса элден жаап жашырып дал ушул өкүлдөр өздөрү эле чече ала тургандай болушу керек. Эгер жубайлар ажыраша турган болсо, дал ушул өкүлдөр элдештирет.

Азыркы өкүл апа, аталар капа болбогула бешиктен белиңер чыга элек, кеңеш бермек тургай өзүңөр чырдап жүрөсүңөр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button