Коом

Жумабеков РФ Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар коронавирус илдетинин дүйнөгө тарашынан улам түзүлгөн кырдаалга токтолушуп, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) жыйынын видеоконференция форматында июнь айында өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жыйынды мындай форматта өткөрүү коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу чараларына байланыштуу сунушталууда. Эскерте кетсек, буга чейин ЖККУ ПА Кеңешинин отурумун май айында уюштуруу мерчемделген.

Сүйлөшүү учурунда Төрага Дастанбек Жумабеков ушундай кыйын кырдаалда парламенттер аралык байланышты чыңдоо маанилүүлүгүн белгилеп: “Пандемия шартында мамлекеттер аралык кызматташтык, андан тышкары өз ара колдоо өтө керек”, – деди.

Өз кезегинде Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин уюмга мүчө мамлекеттердин бардык парламент төрагалары менен ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынын аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүүнү көздөп жатканын кошумчалады.  

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button