Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдыбахап Нурбаев Абылгазиевде бюджетти аткара албай жатандыгын айтып өттү.
“Өкмөттүн негизги милдети – бюджет жана бюджетти аткаруу. Сиз, мына тарыхта эң көп иштеген өкмөт башчы катары калдыңыз. Бирок, бюджетти аткарбаган премер министр катары да калып жатасыз. Өзүңүздүн бюджетке карата жеке жоопкерчилигиңиз кандай?”, – деди Нурбаев.
Ал эми ага өкмөт башчы: “Бюджеттин аткарылбай жаткандыгынын жүйөөлүү себептери бар”, – деп жооп берди.
Учурда депутаттардын суроолоруна өкмөт мүчөлөрү жооп берүүдө.
Булак: NazarNews.org