Бишкекте милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлору күйүп жаткан үйдү өчүрүүгө жардам беришти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. «Бүгүн, 2020-жылдын 13-май күнү болжол менен саат 04:20да Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери, Свердлов районунда кызмат өтөө учурунда Криков жана Шербаков көчөлөрүнүн кесилишинде турак үйлөрдүн бири өрттөнүп жаткандыгын көргөн. Алар дароо өрттү өчүрүүгө аракет көрүп, чыккан өрттүн жайылышын токтотушкан», — деп айтылат маалыматта. Үй ээси жардамга келген милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.