Коронавируска байланыштуу Казакстандын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн токтотулган сынак кайрадан башталды. Бул тууралууБилим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлгөн. Анын үчөө бакалавриат жана экөө магистратура программалары боюнча.

Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерди жана адистиктерди өзү тандайт.

Сынакка төмөнкү жетишкендиктеги талапкерлер киргизилет:

Бакалавриат программасы – орто баасы «В» же 4төн кем эмес;

Магистратура программасы – орто баллы 3,3 GPAдан кем эмес же анын эквиваленти.

Документтер 2020-жылдан 12-июну, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги конкурска катышуу үчүн документтерди электрондук түрдө гана кабыл алат. Кагаз түрүндөгү документтерди бул тапта берүүнүн зарылдыгы жок.

Конкурска катышуу үчүн документтерди icd.moes@gmail.com электрондук дарегине (КРнын ББИМинин Эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү) скандан өткөрүлгөн төмөнкү документтерди камтыган табыштамаларды жөнөтүү зарыл:

  • Арыз (формасын жүктөп алыңыз);
  • Паспортунун көчүрмөсү;
  • Казакстан Республикасындагы жогорку окуу жайларына тапшыруучу талапкердин арызы (формасын жүктөп алыңыз);
  • Буга чейин алган билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү, окуудагы жетишүүсүнүн орто баллы (бакалавриат программасы үчүн талапкерлерге) же GPA орто баллы (магистратура программасына талапкерлерге);
  • Чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык аныктама;
  • ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык аныктама;
  • Флюорография;
  • Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
  • Англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
  • Соттолбогондугу тууралуу аныктама.

Жогорудагы сканерден өткөрүлгөн документтердин сапаты мыкты болуусу талап кылынат.

Толук эмес, ошондой эле сапаты начар, таасын эмес, туура эмес кесилип, маалыматтар көрүнбөй калган документтерди камтыган табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Талапкерлерди сынактык тандоо алдын ала 2020-жылдын 23-июнуна белгиленген, бирок күнү өзгөрүлүшү ыктымал.

Конкурстук тандоонун так күнү жана убактысы тууралуу толук маалымат министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат. Андыктан маалыматтарды үзгүлтүксүз карап турууну сунуштайбыз.

Суроолор жаралса, icd.moes@gmail.com электрондук дарегине кайрылууңуздарды өтүнөбүз.