Гиннесстин рекорддор китебинин эксперттери  Япония тургуну Хамако Мори дүйнө жүзүндөгү эң эле кары геймер (компъютер оюндары боюнча адис) экендигин айтып чыгышты.

Бул аял  39-жыл илгери, болжол менен 1981-жылдан тартып компъютердик оюндарды ойной баштаган жана ага балдарынын бул оюндардан баш көтөрбөй ойноп келишкендиги себеп болгон.  Алгач Хамако Мори такай уттуруп келсе, кийинчерээк жүрүштөрдү жана манёврларды биринин артынан бирин өздөштүрүп отуруп, рекоддук көрсөткүчтөрдү багындырууга жетишкен.

Кары курагына карабастан Хамако Мори «Call of duty: Modern warfare» же «GTA 5» өңдүү катаал мүнөздөгү оюндарды ойногонду жактырат жана бул оюндардын жүрүшүндө ушул күнгө чейин эч кимди алдына чыгарган эмес.