Астрономдор биздин планетадан өтө эле алыс аралыкта гиганттык өлчөмдөгү жер бар экендигин аныкташты.  Башкача айтканда, ага чейинки аралык күн нурунун ылдамдыгы менен эсептегенде  25 миң жылга барабар.

Бул илимге маалым болгон эң эле алыскы аралыктагы Жерге окшош  экзопланета экендиги айтылат The Astronomical Journal басылмасында.

Окумуштуулардын пикири боюнча Саманчынын жолунда жер түспөлүнө ээ жүздөгөн планеталар жайгашкан болуусу мүмкүн, бирок аларды аныктоо өтө эле кыйын. Бүгүн астрономдорго 4 миңден ашык экзопланеталардын бар экендиги маалым.

Алынган маалыматтарды анализдеп көрүшүп, астрономдор бул табылган жер биздин планетадан 3,96 эсе чоң деген жыйынтыкка келишкен. Ал өтө чоң эмес жылдызды айланып учуп жүрөт жана анын салмагы Күн салмагына салыштырмалуу 0,12 эсе чоң. Ал эми аталган планета менен жылдыздын ортосундагы аралык Чолпон жылдызы менен Күндүн ортосундагы аралыкка барабар.

Белгилей кетчү нерсе, планетанын аталган жылдызды айланып учуу ылдамдыгы өтө эле жай, же болбосо андагы бир жылдык мөөнөт – 617 күндү түзөт.