Кыргызстанда алгачкы жолу окуучунун колунан жаралган “ӨЗГӨРҮҮГӨ КАРАЙ” аттуу мотивациялык китеби жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору Тилеген Өмүралиев билдирди.

Анын айтымына караганда бул китепти жаратуу үчүн жалпы 8-9 айдын жүзү кеткен. Ал эми өзгөчөлүгү болсо бул китепти бардык тармактагы адамдар окуй алышат.

Китеп өзүнө:

1.ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН

2.БИЛИМ МОТИВАЦИЯ

3.ЖАШОО МОТИВАЦИЯ

4.ЫЙМАН МОТИВАЦИЯ

5.СПОРТ МОТИВАЦИЯЛЫК бөлүмдөрдү камтыган.

Автордун айтымында бул китепти жаратууда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон.

Бирок кыйынчылыктарга карабастан бул эмгегин бүтүрүп, талыкпаган эмгектин артынан бул ийгиликке жетишип олтурат. “Кыргызстанда алгачкы жолу дебют жаратканыма кубанычтамын.

Карап көрсөм кыялдансан эле баары боло бербейт экен. Ал үчүн аракет кылуу зарыл. Мисалы мен бул китепти 25-30жашымда иштеп, акча таап андан соң бутка туруп, андан кийин 50гө чыкканда чыгарайын деп жаткам. Бирок, андай болгон жок. Жок жерден эле шаарга эс алууга кыш айында эжемдин үйүнө барып калдым. Боштуктан акыл пайда болду окшойт. Жата берип акыры телефон менен китепче жараттым. Андан соң, аракет кылайын дедим да кол түрүп кириштим. Иштин майын чыгарып, китебимди аяктап калганда кара басып жазып жаткан ноутбугум иштен чыгып, иштебей калды. Кыялдарым жоголду дедим. Ошентип 2ай жазып чыккан “ӨЗГӨРҮҮГӨ КАРАЙ “ китебимдин нускасын жоготтум.

Ошондон кийин 1ай жөн гана жүрө бердим. Бирок ойлонуп жүрө берип кыжаалат (стресс, нерф) боло баштадым. Кайра жазайын десем ноутбугум жок. Эми менин Аллахка гана дуба кылуум гана керек эле. Мен дуба кылдым. Акыры мага себепкер кылып Баатырбек уулу Аким байкебиз ноутбугун жазып турууга бекер эле берди. Кайрадан жазып чыгайын деп шымаланып киришип калдым. Акыры түнү менен жазып олтуруп бир жума аралыгында бул китепти бүтүрдүм. Эми болгон маселе каражатка келип такалды.

Каражат маселесин менин бир боорум Самаганова Айсулуу эжем чечип берип, китептин жарыкка чыгышына көмөк көрсөттү.

Мына ошентип бир бул китепти чыгарууга 3 адамдын салымы чоң болду.

Ноябрда кыялдандым, Декабрда пландап, Январь айында баштоого киришип, Февралда тынымсыз аракет кылып, акыры Март айында жазып бүтүрдүм”,-деди автор.

Мындай тынымсыз эмгек менен аракет кылган Тилеген азыркы тапта 16жашта. Демек 10-класстын окуучусу. Дал ушул мектеп курагында эле “м Аскар Турдакунов орто мектебиндеги ар кандай иш- чараларда көркөм ыр окуп жүргөнүн айтты.
Жаш болсо да кичиненсинен зирек, аракетчил болуп чоңоюп, кыялданып гана отура бербестен кыялын ишке ашырууга аракет кылуу менен ийгиликке жетишип отурат.
Албетте, жаш окуучунун мындай ийгилигин баалоо керек. Себеби азыр колундагы уюлдук телефонун ыксыз пайдаланып, бир китеп эмес, бир сабагын тыңдап окубаган жаштарга эң мыкты стимул болот деген ишенимдебиз!
Өмүралиев Тилегендин бул ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, ага узун өмүр кен келечек каалайбыз!

Булак: fakt.kg