Укуктук талаадагы, мыйзамдуу өлкөдө жашап, бардык иштер мыйзам чегинде жүрүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

“Бүгүнкү күндө мыйзамсыз байыгандарга карата эл ичинде нааразычылык күчөдү. 1990- жылдан бери мамлекетке ар кандай гранттар, 10 млрд. доллар өлчөмүндө акча бөлүндү, бирок бир да оозго аларлык завод, фабрика курулган жок. Мына ошол акчаларды ким кантип пайдаланып кеткен, мына ошол чиновниктер боюнча Өкмөт иш алып барыш керек. Токсонунчу жылдардан бери ушул убакытка чейин мыйзамсыз байыган аткаминерлердин ишин караш керек. Кантип сатылып кеткен, кандай жол менен менчиктештирилген? Чара көрүлүш керек, — деди депутат.

Ал ошондой эле, мамлекет бизнести жана экономиканы коргогонуна байланыштуу, бул мыйзам чегинде жасалышы керек экендигин баса белгиледи.