2010-жылдагы каргашалуу Ош окуяларында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун карындашы Айгул Сулайманованын кайрылуусу жүрөк сыздатты. Ал канкор Азимжан Аскаровдун өмүр бою камакта калышын талап кылып, Жогорку Соттун алдына бир нече жабырлануучулар, жакындарынан айрылгандар менен чогуу пикетке чыгышты.

Буга чейин маалым болгондой Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкүмүн күчүндө калтырды. Азырынча арыз качан каралаары белгисиз.

69 жаштагы Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.