Москвадагы кыргызстандык мекендештер Кыргызстанга кетүү талабы менен элчиликке чогулушту. Алардын талабы чек араны ачып, мекенине кайтуу.

Жалпы 100гө жакын мекендештер чогулушуп, элчиликтин ишини канааттанбаганын, аларды кабыл албай жатышканын билдиришкен.

Эскертке кетсек, Россияда 31-майга чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. Мындан улам көпчүлүк мекендештердин иши токтогондуктан жардам сурап кайрылгандардын саны бир топ өскөн.  

https://www.youtube.com/watch?v=BECgnn2NqpU