Биринчи жолу нидерланддык окумуштуулар атлас түзүп чыгышып, адам ичегилериндеги клеткалар бөлүп чыгаруучу гормондор тууралуу кеңири жазып чыгышты. Авторлордун оюу боюнча мунун өзү диабет жана семирип кетүүнү дарылоонун жаңы методун кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Cell журналында жарыяланган.

Бүтүндөй ичеги-карында кездешүүчү энтероэндокриндик деп аталган миңдеген клеткалар тамак-ашка жана бактериялардын айрым бир компоненттерине таасир этүү менен ачка болуу же тоюнуу өңдүү сезимдерди пайда кылуучу ар кыл гормондорду бөлүп чыгарышат.

Белгилей кетчү нерсе, өтө эле аз санда болушкандыктан аталган клеткаларды изилдөө өтө татаал, башкача айтканда адам гормондорун лабораторияда сыноого алынган кайсы бир жаныбардыкындай кылып окуп үйрөнүүгө болбойт.