АКШ президенти Дональд Трамп штат губернаторлоруна кайырылып, мектеп ишин жандандыруу керектигин белиледи.

«Менин оюмча, мектептер ачылышы керек. Себеби, жаш балдар бул ооруга (коронавируска) дээрлик кириптер болушпайт», — деди ал Колорадо жана Түндүк Дакота губернатолору менен болгон жолугушууда.

Трамптын айтуусу боюнча бул тууралуу акыркы чечимди штат башчылары кабыл алат. Ошондой эле, мектептер иштеп баштаса, белгилүү бир курактагы жана өнөкөт оорулары бар мугалимдер ишке дароо эмес, коёо туруп чыгуулары абзел.

Учурда көптөгөн штаттардагы мектептердин иши окуу жылынын аягына чейин токтотулган. Башкача айтканда, сабактар он-лайн түрүндө жүргүзүлүүдө.