Коом

Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

Майдын 13-14нө караган түнү, Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат кабарлады. «Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-май күнү саат 03:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button