Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен байланышкан учурлар 4,17 миллиондон ашса,  анын кесепетинен улам 287 миңден ашык адам бул дүйнө менен кош айтышты. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун билдирүүсү боюнча оору жуктуруп алуу учурлары боюнча Түндүк жана Түштүк Америка Европаны озуп кетти.

Аталган Уюмдун маалыматына ылайык сутка ичинде коронавирус илдети менен байланышкан 81 577 жаңы учур катталып, 4245 адам каза болгон. Ошентип, COVID-19 илдети боюнча аныкталган жаңы учурлардын саны дүйнө жүзү боюнча — 4 170 424, каза болгондордун саны — 287 399 адамды түзөт.

Белгилей кетсек бул көрсөткүч Түндүк жана Түштүк Америкада бул көрсөткүч — 1 781 564 адамды түзсө, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүндө  — 1 780 316.