Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тарта Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан коронавирус (COVID-19) инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чаралары тынымсыз улантылып келүүдө. Көпчүлүк тургундар алдын алуу иш-чараларын түшүнүү менен кабыл алышса, айрым жарандар кабыл алынган эрежелерди сактабай ал тургай өспүрүм балдарынын коопсуздугуна да кам көрүшпөй жатышканы жок эмес.

Бүгүнкү күнү балдардын коопсуздугу үчүн билим берүү мекемелери аралыктан сабактарды окутууга өтүшсө, айрым мектеп курагандагы балдар сабактарга катышпай коомдук жайларда, техникалык тейлөө тармактарында, унаа жуучу жайларында иштеген учурлары да кездешүүдө.

Андыктан Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чарасыын уюштурушуп, унаа жуучу жайларда, соода-сатык жайларда жана техникалык тейлөө жумуштарында иштеген балдар текшерилип, ондон ашык өспүрүм бала аныкталып, жаш өспүрүмдөр инспекторлору тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан сырткары ата-энелерине жардамдашып иштеп жүргөн өспүрүмдөр да аныкталган.

Кызматкерлер ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, балдарды аралыктан өткөрүлүп жаткан сабактарга катыштырууга чакырышты.

Чүй облусунун ИИББы жарандарды өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоого чакырып, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырат.