1) Ата-эне перзентерини чектен ашырып сүйбөө керек экендиги, окумуштуулар тарабынан айтылат. Эгерде балаңызга сүйүүңүз өтө жогорку деңгээлде болуп жатса дагы назарыңыз балаңызга тийип калбасын…            

2) Ар бир учурда дуа кабыл болуусун унутпаңыз. Перзентиңизди жаман сөздөр менен тилдебеңиз. (Дуа кабыл болгон учурга туура келип калып, өкүнүп жүрбөңүз) .            

3) Перзентиңизди мактап турууну унутпаңыз. Балаңызда өзүнө болгон ишним, жоопкерчилик пайда болот.                     

4) Үй-бүлөңүзгө, бир эле учурда сүрдүү да, сүйүктүү да болуңуз. Андыктан, эч качан жалган сүйлөбөңүз жана бирөөнүн буюмуна  көз артпаңыз, кадырыңыз бийик болот.                     

5) «Бала жыты бейиштин жыты». Балдарыңызды  эркелетиңиз жана өөп жытаңыз.  Ата кыз балдарыны саамайынан (көкүлүнөн) өпсүн, Аллах буйруп, ал кыз бактылуу болот.                 

7) Үй ээси эркек, аялына сый мамиледе болсун.  Балдар үчүн үйүңүз, бакыттын кенчине жана руханий азык алуучу бакчага айланат.         

 8) Адалдан таап кийим кече, тамак-аш бериңиз. Уул-кызыңыз абройлуу болот. 

9) Бала көргөнүн жасайт ошого балаңыздын жанында китеп окуңуз.             

10) Күнүнө бир аздан садака берип туруңуз, балдарыңызга көрсөтүп…  Перзентериңизде жоомарттык, кең пейилдик сыпат пайда болот. «Садака балээни кайтарат».