Коом
Хакерлер Ангела Меркелдин кат алышууларын көчүрүп алышкан
Ушул жылдын 13-майында Германиянын канцлери Ангела Меркель немис парламентинде сүйлөп жатып: «2015-жылы Бундестагдын расмий сайтына жасалган хакердик чабуулга байланыштуу Орусияга каршы чаралар көрүлүшү мүмкүн», — деп билдирген.
Анын айтымында, өлкө прокуратурасында бул чабуулдарга Орусиянын тиешеси бар экендигине жетиштүү далилдер топтолгон.
Белгилей кетсек, киберчабуулдан улам хакерлер Ангела Меркелдин 2012-2015-жылдардагы кат алышууларын көчүрүп алышкан.
Булак: NazarNews.org