UFCдин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу — 57 жаштагы Абдулманап Нурмагомедов — Москвада аскердик ооруканалардын биринде оор абалда. Мындан улам UFC уюмунун атактуу ирландиялык мушкери Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовдун атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу колдоого алды. Бул тууралуу ирландиялык мушкер өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.

«Абдулманап Нурмагомедовдун айыгып кетишин тилейм. Бул киши күрөштүн бардык түрү боюнча дүйнө чемпиондорун тарбиялаган чыныгы гений», — деп жазган Конор Макгрегор.

Мындан сырткары ирландиялык мушкер машыктыруучунун ден соолугуна байланыштуу бул кабарга кайгырып жаткандыгын белгилеген. Колдоо сөздөрүн UFC жетекчиси Дана Уайт дагы билдирген.

Дагестандык “СЕ” маалымат агенттигине: “Абдулманаптын абалы өтө начар, ал Москвада комада. Ага туура эмес дарылоо жасаганда, (Дагестанда), кыйынчылык жаралган. Аны учак менен алып кетишкен, азыр ал Москвадагы аскер госпиталында. Ана туугандарынын кирүүсүнө да уруксат берилбейт жатат »,-деп айтылган.