Акыркы сутка ичинде Казакстанда коронавирустук инфекциянын 154 учуру аныкталды.

Бул тууралуу 14-майда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штаб билдирди.

Учурда өлкөдө 5571 учур аныкталып, 32 бейтап каза болуп, 2408 айыгып чыккан.

Ал эми Өзбекстанда коронавирустук инфекцияны жуктургандардын саны 2612 . Учурда өлкөдө 2076 адам толук айыгып чыкты. Дарыланып жаткан 525 бейтаптын 12си оор абалда, каза болгондор 11 киши.